• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Өзбекстанда эне-баланы төрөт үйүнөн чыгаруудагы чыгымдарга каршы күрөш жүрүүдө

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 23.03.18 /Кабар/. Өзбекстандын Саламаттык сактоо министрлиги февралдан тарта башка мекемелер жана уюмдар менен биргеликте эне-баланы төрөт үйүнөн чыгаруудагы ашыкча чыгымдарды азайтуу боюнча иш-чараларды жүргүзүүдө. Бул тууралуу жергиликтүү маалымат каражаттары мекеменин басма сөз кызматына шилтеме кылып кабарлашты.

«Жаңы төрөлгөн баланын ден соолугу жана келечеги үчүн анын үйгө кандай унаа менен жеткириле тургандыгы же төрөт үйүнүн алдында кандай жомоктогу каармандар менен оркестрдин болгондугу маанилүү эмес», – деди өлкөнүн саламаттык сактоо министри Алишер Шадманов.

Министрдин айтымында, иш-чаранын алкагында медициналык кызматкерлер төрөт үйүнө барган жарандар арасында түшүндүрүү иштерин жүрүгүзүшүүдө.

«Биз медициналык жактан алганда, наристе жарык дүйнөгө келгенде шаан-шөкөт уюштуруу баланын жана анын апасынын ден соолугуна терс таасир эте турганын бардыгына түшүндүрүүгө аракет кылып жатабыз. Алгачкы 40 күн алардын саламаттыгындагы эң маанилүү учур экенин айтабыз», – деди Шадманов.

Ал акыркы кездери түшүндүрүү иштеринен кийин эне-баланы төрөт үйүнөн чыгарып кетүүдө ашыкча шаан-шөкөттөн баш тарткан үй-бүлөлөр көбөйүп жатканын белгиледи.

Булагы: CENTRAL ASIAN

Пикир

Оставить комментарий