• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Өзбекстанда эркек киши тишин жууп жатып ийне жутуп алган

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 24.10.19. /Кабар/. Өзбекстандын түштүгүндөгү Кашкадар облусунун медициналык борборунда хирургдар тишин жууп жатып тигүүчү ийнени жутуп алган кишиге операция жасашты. Бул тууралуу аталган облустун Саламаттык сактоо кызматы билдиргенин РИА Новости жазып чыкты.

Саламаттык сактоо кызматынын билдирүүсүндө, 21-октябрда облустук медициналык борборго Гузар районунун 19 жаштагы тургуну тигүүчү ийнени жутуп алганынан келип түшкөн. Бейтаптын айтымында, ийненин жардамы менен тишинде тыгылып калган тамактын калдыктарын чыгарайын деген.

"Рентген жана томографиянын жардамы менен ийне бейтаптын моюн бөлүгүндө такалып калганын байкашкан. Ийнени алуу үчүн дароо операция жасоо чечими кабыл алынган", - деп Саламаттык сактоо кызматынан маалымдашты.

Дарыгерлер электро-оптикалык жабдуунун жардамы менен бейтаптан ийнени нерв жана кан айлануу системасын козгобой алынган алгачкы операция экенин айтышты.

"Операция ийгиликтүү өттү. Учурда бейтаптын абалы жакшы. Ал жакынкы арада ооруканадан чыгат", - дейт дарыгерлер.

Эскерте кетсек, 2018-жылы дарыгерлер рентгендин жардамы менен 11 айлык ымыркайдын ичинде 16 тигүү ийнени байкашкан. Ийне бөбөктүн ичинде бир айдай жаткан. Хирургдар ийнени алып чыгыш үчүн 9 саат операция жасашкан.

Пикир

Оставить комментарий