• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Өзбекстанда эски үлгүдөгү банкноталар менен тыйындар келерки жылы колдонуудан чыгарылат

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 19.09.19. /Кабар/. Өзбекстанда эски үлгүдөгү банкноталар менен тыйындар келерки жылы колдонуудан чыгарылат. Бул тууралуу Өзбек телеграф агенттиги жазат.

Маалыматка ылайык, 25 сум жана андан төмөнкү номиналдагы тыйын жана банкноталарды жүгүртүүдөн алып салуу жобосу бекитилген.

"Ал жобого ылайык, 1, 3, 5, 10, 20, 50 тыйын жана 1, 5, 10, 25 сумдук тыйындар жана эски үлгүдөгү 1, 3, 5, 10, 25 сум кагаз акчалары 2020-жылдын 1-мартынан тарта төлөм каражаты катары күчүн жоготот", - деп жазат агенттик.

Аталган акчаларды 2020-жылдын 1-мартына чейин эсептик касса борбору, коммерциялык банк жана алардын бөлүмдөрүнөн жана 2020-жылдын 1-мартынан 2021-жылдын 1-январына чейин эсептик касса борборлорунан гана алмаштырууга болот.

Пикир

Оставить комментарий