• 88.91
  • 94.75
  • 0.95

Өзбекстанда фураны айдаган кыргызстандык эки кызды өлтүрө сүзүп, кырсыктан өзү каза тапты

Кырсык 0

Бишкек, 29.09.20. /Кабар/. Өзбекстандын Андижан облусунда фураны айдаган кыргызстандык эки кызды өлтүрө сүзүп, андан кийин үйдү сүзгөн. Жол кырсыгынан кыргызстандык айдоочу каза болгонун аталган өлкөнүн Ички иштер министрлигинин сайты жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, 28-сентябрда саат 17:20лар чамасында Булакбашы-Андижан багыты боюнча "Вольво" үлгүсүндөгү жүк ташуучу унааны башкарып бара жаткан Кыргызстандын 28 жаштагы Ш.Л. аттуу жараны рулду башкара албай калып, карама-каршы тилкеге чыгып кеткен. Унаа жол четинде бара жаткан 10 жаштагы Б.А. жана 3 жаштагы К.Н. аттуу кызды сүзгөн.

Кырсыктан улам айдоочу жана жөө жүргүнчүлөр окуя болгон жерде каза болгон.

Аталган факты боюнча Булакбаши районунун ички иштер башкармалыгынын тергөө бөлүмү тарабынан Өзбекстантын Кылмыш-жаза кодексинин 266-беренесинин 3-бөлүгү боюнча кылмыш иши козголгон.

Пикир

Оставить комментарий