• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Өзбекстанда газ, электр кубаты, жылуулук үчүн тарифтер кымбаттайт

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 06.11.18. /Кабар/. Өзбекстанда бензиндин аркасынан электр кубаты, жаратылыш газы ысык суу жана жылуулук үчүн тарифтер да кымбаттайт.

Өзбек өкмөтү 2018-жылдын 1-ноябрында “Жылуулук-энергетикалык ресурстардын баасын жана тарифтерин этап менен өзгөртүү жөнүндө” токтом кабыл алды.

Документке ылайык, жергиликтүү администрациялар Өзбекстан Каржы министрлиги менен бирге 2018-жылдын 16-ноябрынан тарта тарифтерди бекитет. Кымбаттоолор калк үчүн 10% ашпоосу керек.

Жергиликтүү ММКлар маалымдагандай, Өзбекстанда электр кубаты жана газ үчүн тарифтер эки этап менен кымбаттайт. 16-ноябрдан тарта күнүмдүк керектелүүчү газдын кубметри 320 сумга, ал эми 2019-жылдын 1-июлунан тарта 350 сумга көбөйөт.

Мындан тышкары 16-ноябрдан тарта электр кубатынын киловатты 250 сумга (учурда 228 сум), 2019-жылдын июль айынан тарта 280 сумга көтөрүлөт.

Пикир

Оставить комментарий