• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Өзбекстанда гей-студентти сабаган топ киши кармалды

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 06.10.17 /Кабар/. Фергана облусунун милиция кызматкерлери Маргилан шаарында жаш жигитти сабоого шектелген беш кишини кармады. 29-сентябрда социалдык түйүндөрдө гомосексуализмге айыпталган уландын токмоктолушу түшүрүлгөн видеожазуу тараган. Окуя эки ай мурун Фергана шаарынын Киргули районунда болгон.

Өзбекстан ИИМинен кабарлашкандай, кармалгандар жарандын абройуна шек келтирүүгө, басмырлоого айыпталышууда. Бул факт боюнча кылмыш иши козголду. Учурда укук коргоо органдары кармалган кишилердин башка кылмыштарга тиешеси бар-жогун териштирүүдө.

29-сентябрда “Азаттыктын” өзбек кызматына Telegram мессенжери аркылуу жоон топ кишилердин жаш жигитти чечиндирип алып сабап, “мууздайбыз же өрттөйбүз” деп коркутуп, сыранын сынык бөтөлкөсүнө отурууга мажбурлаган видеосу келип түшкөн. Кийинчерээк зордук көргөн улан Маргилан шаарынын 24 жаштагы жашоочусу, Фергана политехникалык институтунун студенти экени аныкталган.

Булагы: CENTRAL ASIAN

Пикир

Оставить комментарий