• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Өзбекстанда гепатит А вирусуна каршы эмдөө каражаттары кымбаттады

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 17.01.20. /Кабар/. Өзбекстандын Жизак облусунда гепатит А вирусуна каршы эмдөө каражаттары 30% кымбаттап, аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн нааразылыгын жаратууда.

– Эмдөө каражатын алуу үчүн ар бир балага 200 миң сумдан (20 доллар) төлөш керек. Эмделбеген балдар 1-класска кабыл алынбай тургандыгын айтып жатышат. Менин үч балам бар, аларды эмдетүү үчүн 600 миң сум талап кылынат. Биз сыяктуу колунда жок үй-бүлөлөргө кыйын болууда, — деди Иномжон Муллаев аттуу жергиликтүү тургун.

Жизак облустук саламаттык сактоо башкармалыгынын өкүлү балдарды эмдөөдөн өткөрүү милдеттүү эмес экенин билдирди. Анын айтымында, мектептердин мындай талабы мыйзамсыз.

Аймактагы дарыгерлердин бири акыркы айларда гепатит А вирусуна каршы эмдөө каражаттары кымбаттап кеткенин ырастады.

— Ноябрда 175 миң, декабрда 190 миң сум болчу. Бүгүн болсо 200 миң сумга көтөрүлдү. Бул мамлекет тарабынан бекитилген баа. Учурда эки жаштан 14 жашка чейинки балдар эмделип жатат, — деди дарыгер.

Өзбекстанга гепатит А вирусуна каршы эмдөө каражаттары Кытайдан алынып келинет.

Пикир

Оставить комментарий