• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Өзбекстанда издөөдө жүргөн кыргызстандык Казакстандын чек арасында кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 24.04.19. /Кабар/. Бүгүн болжол менен түнкү саат 03:00дө Казакстандын Актөбө чек ара отрядынын "Жайсаң-авто" бөлүмүндө кыргызстандык жаран кармалды. Бул тууралуу Казакстандын Чек ара кызматы билдирди.

Казакстандын Чек ара кызматы белгилегендей, ал 36 жаштагы Кыргызстандын жараны Казакстанга Россиядан келе жаткан.

"Текшерүүнүн натыйжасында ал жаран Өзбекстанда Кылмыш кодекстин үч беренеси – аткезчилик жана башка иштери боюнча издөөдө жүргөн", - деп айтылат маалыматта.

Кармалган жаран Казакстандын Актөбө облусунун Мартөк районунун полиция бөлүмүнө өткөрүлүп берилген.

Пикир

Оставить комментарий