• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Өзбекстанда күйөөсү аялын ЗАГС имаратынын алдында бычактап салды

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 10.09.18. /Кабар/. Фергана облусунун Дангара районунда 26 жаштагы киши “Бакыт үйүнүн” алдында аялына бычак сайды. Укук коргоо органдарынын билдиришинче, алган жаратынан аял ооруканада көз жумду.

Окуя 5-сентябрда райондук жарандык актларды каттоо имаратынын алдында болгон.

Күбөлөрдүн айтымында, 5-сентябрда түгөйлөр ажырашуу үчүн жарандык актларды каттоо бөлүмүнө келишкен. Ал жерден экөө уруша кетип, күйөөсү аялын бычактап, андан соң качып кеткен. Бирок бир нече убакыт өткөндөн кийин ал өзү милиция бөлүмүнө кайрылган.

Укук коргоо органдарынын маалыматы боюнча Дангара районунун 26 жаштагы жашоочусу камакка алынды. Райондук прокуратура кылмыш ишин козгоду. Ыкчам-иликтөө иштери уланууда.

Пикир

Оставить комментарий