• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Өзбекстанда көп кабаттуу турак-жайдагы жарылуудан эки киши өлдү

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 09.04.19. /Кабар/. Сурхандарыя облусунун Термез шаарындагы көп кабаттуу үйлөрдүн биринде жарылуу болуп, эки киши мерт кетти. Өрт коопсуздугу башкармалыгы билдиргендей, маркумдар жаңы салынган үйгө аз убакыт мурун эле көчүп келишкен.

Өзбекстан Башкы прокуратурасы жарылуу 8-апрелде саат 11:30да көп кабаттуу үйдүн жер төлөсүндө болгонун маалымдады. Ал жерди Fasad Diyor ишканасы кампа катары пайдаланган.

Кампада пенопласттан жасалган буюмдар, ажаткана кагаздары жана башка товарлар сакталган. Башкы прокуратуранын маалыматына караганда, ишкана ээсинин таякеси дагы бир киши менен жер төлөгө кирип келип, электр жарыгын күйгүзгөн. Кампанын ичинде топтолгон газ жарылууга себеп болгон.

Башкы прокуратуранын өзгөчө оор кылмыштарды иликтөө башкармалыгы тергөөгө чейинки текшерүүнү баштады.

Жарылуудан бир нече саат өткөндөн кийин окуя болгон жерге Карши шаарынан сапёрлор келишкен.

Пикир

Оставить комментарий