• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Өзбекстанда калкты электр энергия менен камсыздоонун 10 жылдык стратегиясы кабыл алынды

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 05.05.20. /Кабар/. Өзбек өкмөтү “2020-2030-жылдарга Өзбекстан Республикасын электр энергиясы менен камсыздоонун консепциясын” бекитти. Өлкөнүн Энергетика министрлиги билдиргендей, стратегия эл аралык эксперттердин катышуусу менен иштелип чыккан.

Документ өлкө экономикасын жана калктын энергетикалык керектөөсүн канааттандыруу максатында бул тармакты түп тамырынан реформалоого багытталган.

Консепцияда энергоэффективдүү технологияларды колдонуу менен жаңы электр станцияларын куруу, эскилерин реконструкциялоо, кайра калыбына келүүчү энергия булактарын өнүктүрүү, тариф саясатын жакшыртуу жана дүң рынокко өтүүнү камсыздоо каралган.

Документке ылайык, Өзбекстан 2030-жылы электр энергиясын өндүрүүнү 63,6 млрд кВт сааттан 120,8 кВт саатка чейин көбөйтүүгө ниеттенүүдө.

Пикир

Оставить комментарий