• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Өзбекстанда каналдын жээгинен 10 күндүк наристенин сөөгү табылды

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 04.01.19 /Кабар/. Фергана облусунун Алтыарык районундагы каналдын жээгинен жаңы төрөлгөн наристенин сөөгү табылды. Жергиликтүү милиция бөлүмүнөн кабарлашкандай, бала ал жакка чарчап калгандан кийин ташталган.

Маалыматка карганда, жуурканга оролгон наристенин сөөгү 2-январда Фергана кичи каналынын жээгинен табылган.

«Ал 10 күндүк наристе экен. Аны муунтуп өлтүрүп, андан кийин таштап кетишкени айтылууда. Учурда мааленин бардык жашоочулар текшерилип жатат», — деп билдирди жергиликтүү тургундардын бири.

Тергөөнүн алкагында Фергана облустук ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери Алтыарык жана коңшу райондордо иштеген акушерлер менен медайымдарды суракка алышты.

Азырынча бул кылмыштын себептери жана чоо-жайы белгисиз.

«Учурда ДНК-тесттин негизинде наристенин апасынын ким экенин аныктоо иштери жүрүүдө. Тергөө уланууда», — деп билдиришти райондук ички иштер башкармалыгынан.

Пикир

Оставить комментарий