• 89.11
  • 94.62
  • 0.95

Өзбекстанда "кара тизмеден" чийилгендерди камоо кайрадан уланууда

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 21.11.17 /Кабар/. Ташкентте эки-үч ай мурун күч түзүмдөрүнүн “кара тизмесинен” чийилген кишилерди кармоо кайрадан уланууда.

Укук коргоочу Сурат Икрамов кармалгандардын саны 100дөн ашканын, алардын жетөө камалганын билдирди. Анын айтымында, диний себептер менен түрмөдө отургандардын туугандары убактылуу камалышты. “Алар эки-үч ай мурун эле күч түзүмдөрдүн “кара тизмесинен” чийилишкен эле”, - деди укук коргоочу.

Буга чейин Икрамов Ташкент жана Зангиота районунда 20дан 60 жашка чейинки динге ишенген 80дей киши кармалганын кабарлаган. Анын эсебинде беш эркек жана эки аял тергөө абагында отурат.

"Учурда Чиноз жана Янгиуол райондорунда дагы жапырт камоолор болуп жатканы тууралуу маалыматтар бар. Бирок алардын жалпы саны жана канчасы бошотулганы тууралуу так кабар жок", – деди Сурат Икрамов.

Өзбекстандын атайын кызматы эмне себептен динге ишенген жарандардын үйүн тинтип, суракка алып жатканы белгисиз.

Укук коргоочу Сурат Икрамов күч түзүмдөрү 16-ноябрдан тарта «Хизб ут-Тахрир» диний уюмуна мүчө катары шектелгендерди же алардын туугандарын кармап жатканын билдирүүдө.

Пикир

Оставить комментарий