• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Өзбекстанда карантин режими 1-августтан кийин да узартылышы мүмкүн

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 14.07.20. /Кабар/. Өзбекстанда карантин режими 1-августтан кийин да узартылышы мүмкүн. Бул тууралуу өлкөнүн саламаттык сактоо министринин биринчи орун басары Баходир Юсупалиев «Өзбекстан-24» телеканалынын эфиринде билдирди.

«Калк арасында илдетке чалдыккандар жана каза болгондор көбөйө берсе, 1-августка чейин киргизилген карантиндик чаралар дагы узартылышы мүмкүн. Акыркы бир жуманын ичинде эле коронавирус аныкталган кишилердин саны 3 миңге көбөйдү. Абал оор. Бүгүнкү күндө көптөгөн ооруканалар коронавируска чалдыккандарды кабыл алууга өтүп жатышат. Мындан улам онкологиялык, кардиологиялык жана хирургиялык жардамга муктаж жарандар жардамсыз калышы мүмкүн», – деди Юсупалиев.

Буга чейин Саламаттык сактоо министрлиги өлкөдө коронавирусту аныктоо үчүн тест-системалары жетиштүү экенин билдирген.

Өзбекстанда коронавирус инфекциясынын жайылуусун алдын алуу максатында 13-июлдан тарта жаңы каратиндик чектөөлөр киргизилген.

Расмий маалыматтар боюнча өлкөдө COVID-19 жуктургандардын саны 13 591 кишиге жетти. Алардын ичинен 8030у айыгып, 64 бейтап каза болду.

Пикир

Оставить комментарий