• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Өзбекстанда карантин жумшаргандан кийин ЗАГС бөлүмдөрүндө кезек күткөндөр көбөйдү

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 24.08.20 /Кабар/. Өзбекстанда 15-августтан тартып карантиндик чектөөлөр жумшарып, жарандарга 30дан ашпаган адамдын катышуусунда үйлөнүү тойлорду өткөрүүгө уруксат берилди. Мындан соң Жарандык абалдын актыларын каттоо кызматынын (ЗАГС) бөлүмдөрүнө никесин каттоо үчүн келген жаштар кескин көбөйдү.

Ташкенттин Учтепа райондук ЗАГС бөлүмүнүн кызматкери 19-августта түшкө чейин никеге туруу тууралуу 50гө жакын арыз келип түшкөнүн билдирди.

"Карантиндик чаралар жеңилдетилгенден кийин никеге турууга арыз жазгандар кескин көбөйдү. Мисалы, бүгүн 50гө жакын арыз кабыл алдык. Бул өтө көп. Адатта күнүнө көп болсо он арыз кабыл алчубуз», - деди ал.

Шаардын Шайхантахур райондук ЗАГС бөлүмүнүн кызматкери никеге туруу тууралуу арызды электрондук түрдө да берсе болорун билдирди. Бирок үй-бүлө куруп жаткан ташкенттик жаштар онлайн берилген арыздарды иштеп чыгуу көп убакытты талап кылгандыктан, колго арыз жазуу тез болот деп эсептешүүдө.

Коронавируска каршы күрөшүү боюнча республикалык комиссиянын чечимине ылайык, 15-августтан тартып өзбекстандыктарга 30дан ашпаган адамдын катышуусунда үй-бүлөлүк салтанаттарды, үлпөт тойлорду өткөрүүгө уруксат берилген. Ошол эле маалда келген меймандар иш-чара өтүп жаткан райондон болуп, бардык санитардык жана гигиеналык эрежелер сакталышы керек.

Акыркы маалыматтар боюнча Өзбекстанда коронавирус жуктургундар 39 миңден ашты. Алардын ичинен 35 миңге жакын киши айыгып, 275 бейтап каза болду.

Пикир

Оставить комментарий