• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Өзбекстанда картошка менен ундун баасын прокуратура көзөмөлгө алат

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 20.04.20. /Кабар/. Калкка арзан ун жана картошка жеткирүү үчүн жоопкерчилик прокуратурага жүктөлдү. Бул тууралуу Өзбекстандын Башкы прокуратурасынын экономикалык кылмыштар менен күрөшүү башкармалыгынын башчысы Фарход Очилов билдирди.

Аткаминердин айтымында, эл арасында картошкага болгон суроо-талап кескин жогорулагандыктан, тыштан ташылып келген жашылчанын бул түрү базарларга жана башка соода түйүндөрүнө прокуратуранын көзөмөлү алдында жеткирилип, баасы тыкыр көзөмөлгө алынат.

Буга чейин өзбекстандыктар соцтармактарда картошка жана ун тартыш жана кымбат болуп жатканына даттанышкан.

Бирок өзбек бийлиги өлкөдө азык-түлүк тартыштыгы жок экенин билдирген.

Пикир

Оставить комментарий