• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Өзбекстанда каржы пирамидасын түзгөн дагы бир ишкер кармалды

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 29.11.17 /Кабар/. Ташкентте каржы пирамидасын иштетип жүргөн 38 жаштагы Нуриддин Абилгазиев аттуу ишкер кармалды.

Расмий маалыматтарга ылайык, Абилгазиев үч шериги менен биргеликте «Dilshod Avto Savdo» жоопкерчилиги чектелген коомун түзгөн. Документтер боюнча ал фирма автоунааларды сатуу жана сатып алууда ортомчулук кызмат көрсөтүү менен алектенген. Бирок чындыгында анын ээлери ири өлчөмдөрдөгү алдамчылыктарга барышкан. Пайдалуу ишке акча салам деген шылтоо менен Абилгазиев жарандардан акча, баалуу буюмдарды, мүлктөрдү, үй жаныбарларын жана автоунааларды алып, аларга ири пайыздарды төлөп берерин убадалап келген.

Абилгазиев түрдүү каналдар аркылуу ийгиликтүү аманатчылар тууралуу жалган маалыматтарды таркатып жүргөн. Кийин белгилүү болгондой, алардын акчаларын жана баалуу буюмдарын ал өз ишканасынын өнүгүүсүнө жумшабастан, ишенген адамдарды жоготпой кармап туруу үчүн мурда акча салган адамдарга берип келген. Калган акчаларды өз ара бөлүшүп алып турушкан.

Расмий билдирүүгө ылайык, Нуриддин Абилгазиев мындай шылуундук жол менен жүздөгөн адамдарды алдоого жетишкен.

Бир нече күн мурда Жаңыжол райондук соту Нуриддин Абилгазиев менен анын шериктерин жабырлануучуларга 700 миллион сум (8750 доллар) төлөп берүүгө милдеттендирген. Андан тышкары алар өзүнө алууга жетише элек 125 жеңил жана жүк унаалары мыйзамдуу ээлерине кайтарылып берилиши керек. Азырынча сот Абилгазиев менен анын шериктерине карата кандай жаза чарасын белгилегени маалымдала элек.

Өткөн жылы өлкөдө каржы пирамидасын түзүү менен жарандарды алдаган деген айып менен Ахмад Турсунбаев жана Бахадыр Уринбаев аттуу эки жаран камакка алынган.

Булагы: CENTRAL ASIAN

Пикир

Оставить комментарий