• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Өзбекстанда катталган жер титирөө Баткенде 2,5 баллга чейин сезилди

Кырсык 0

Бишкек, 15.06.22. /Кабар/. Өзбекстандагы жер титирөө Баткенде 2,5 баллга чейин сезилди. Бул тууралуу КР Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

КР Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, саат 02:24тө Өзбекстандын аймагында очогунда күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталган. Жер титирөө Кыргызстандын Баткен облусунун Лейлек районунун Ак-Чечек айылында 2,5 баллга чейин сезилген.

Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Пикир

Оставить комментарий