• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Өзбекстанда катуу шамалдын кесепетинен бир адам каза болуп, 30у жаракат алды

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 28.04.20. / Кабар/. Бухара облусунда 27-апрелде кечинде болгон катуу шамалдын кесепетинен 1 адам каза болуп, 30у ар кандай деңгээлдеги жаракаттарды алды. Бул тууралуу Өзбекстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы кабарлайт.

Маалыматка ылайык, 5 адам ооруканага жаткырылган, анын ичинен экөө оор абалда. Бухара облусунда катталган шамалдын ылдамдыгы секундасына 9-40 метрге жеткен. Облуста газ түтүктөрү жана башка объектерде 120дан ашуун зыян келтирүүлөр аныкталып, 138 миңден ашуун турак үйгө газ берүү убактылуу токтотулган.

Республиканын Гидрометборбору билдиргендей, 28-апрелде Ташкентте катуу шамал болуусу күтүлөт. Шамалдын ылдамдыгы секундасына 12-17 метрге жетет.

Пикир

Оставить комментарий