• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Өзбекстанда казакстандык аял адам сатуу шеги менен кармалды

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 03.11.18. /Кабар/. «Майский» блокпостунда жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө адам сатуу шеги менен 28 жаштагы казакстандык аял кармалды.

Маалыматтарга караганда, шектүү үч өзбекстандык келинге Алматы шаарындагы массаж салондорунан жогорку акы төлөнүүчү жумуш сунуштаган.

Бирок ал кыз-келиндерди сексуалдык кызмат көрсөтүү үчүн коңшу өлкөгө мыйзамсыз жөнөтүүгө шектелүүдө. Кармалган жаранга карата Өзбекстан Кылмыш кодексинин “Адам сатуу” беренеси боюнча кылмыш иши козголду.

Ташкент шаардык ички иштер башкармалыгы тергөө башталганын, анын жүрүшүндө кылмышка тиешеси бар башка кишилерди жана курмандыктарды аныктоо боюнча иш алып барышарын билдирди.

Жабырлануучуларга социалдык жана укуктук жактан жардам берилет.

Пикир

Оставить комментарий