• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Өзбекстанда коммуналдык кызматтар үчүн карызы барлар ажылыкка жиберилбейт

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 29-июнь /Кабар/. Ташкенттин башкы имамы Анвар-кори Турсунов жарандарды өз убагында электр кубаты, суу жана газ үчүн карыздарын төлөөгө чакырды. Ал бересеси барлар Меккеге ажылык сапарга бара албай турганын эскертти. Имам өзбек бийлигинин электр кубаты, суу жана газды өндүрүү кампаниясынын негизинде чакырык жасады.

“Эгер кимдир бирөөнүн бир сум карызы болсо дагы, анын ажылыгы кабыл болбойт. Биз зыяратка бараткан мындай адамдарды учакка да отургузбайбыз”,— деди ал.

Турсунов ар бир киши ысырап кылган бир тамчы суу үчүн дагы кудай алдында жооп берерин эске салды.

Өткөн айдын соңунда Өзбекстан президенти Шавкат Мирзиёев электр кубаты менен газга карызы барларды мажбурлап төлөтүү боюнча Башкы прокуратуранын алдында бюро түзүүнү тапшырган. Соңку жылдары өлкөдө энергетикалык каатчылык байкалууда.

Расмий маалыматтар боюнча, бүгүнкү күндө жеке жана юридикалык жактардын жалпы карызы беш триллион сумду (1,25 миллиард доллардын тегереги) түзүүдө. Көптөгөн өзбекстандыктар жарык жана суу тартыштыгына нааразы болуп келишет. Өлкөнүн көптөгөн аймактарында электр кубаты күнүнө бир нече саат гана берилет. Айрым облустарда газ жок.

Булагы CENTRAL ASIAN

Пикир

Оставить комментарий