• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Өзбекстанда коммуналдык кызматтар үчүн карызы барлардын жоопкерчилиги күчөтүлөт

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 16.02.18 /Кабар/. Өзбекстанда 1-майдан тарта коммуналдык кызматтар үчүн карызы барлардын электрондук маалыматтар базасы ишке кирет. Тиешелүү жарлыкка мамлекет башчы 15-февралда кол койду.

Маалыматтар базасына киргизилген жеке жана юридикалык жактардын ири келишим түзүүсүнө, каржы-насыялык жана мамлекеттик кызматтардын айрымдарын пайдалануусуна тыюу салынат.

Андан тышкары коммуналдык кызматтар үчүн карызы барлар эл аралык жүргүнчү ташуу кызматтары менен пайдалана алышпайт. Алар учактарга, эл аралык поездерге жана автобус каттамдарына билет сатып алуу укугунан ажыратылат.

Президент Шавкат Мирзиёев тиешелүү мекемелерге апрелге чейин бул чараларды ишке ашырууга багытталган нормативдик-укуктук актылардын долбоорлорун иштеп чыгууну тапшырды.

Ошондой эле 1-марттан тарта бир үйдө жашаган же катталган ар бир эрезеге жеткен адам коммуналдык кызмат акыларын төлөө үчүн бирдей жоопкерчиликке ээ болот.

Пикир

Оставить комментарий