• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Өзбекстанда Конституциясынын жаңы редакциясы күчүнө кирди

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 02.05.23. /Кабар/. Өзбекстандын Борбордук шайлоо комиссиясы 30-апрелдеги референдумда кабыл алынган Конституция күчүнө киргенин жарыялады.

БШКнын маалыматына караганда, тиешелүү мыйзам 2023-жылы 1-майда күчүнө кирди.

Мурдараак Боршайком жекшембиде өткөн референдумга шайлоочулардын 84,54 пайызы катышканын, алардын 90,21 пайызы жаңы Конституция үчүн добуш бергенин билдирген.

Баш мыйзамдын 106-беренесине ылайык, президенттик мөөнөт эми беш жылдан жети жылга узартылат. Муну менен президент Шавкат Мирзиёев дагы эки жылдык мөөнөткө шайлана алат.

2016-жылы бийликке келген Мирзиёев 2021-жылдын ноябрында ошол учурдагы Конституцияга ылайык, экинчи мөөнөткө шайланган. Анын азыркы мөөнөтү 2026-жылы аякташы керек эле.

Пикир

Оставить комментарий