• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Өзбекстанда коронавирус дагы 3 адамда аныкталды

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 16.03.20. /Кабар/. Өзбекстанда коронавирус дагы үч адамда аныкталып, коронавирус жуктургандардын саны төрт адамга жетти. Бул тууралуу Өзбекстандын телеграф агенттиги жазат.

Өзбекстандын Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришкендей, өлкөдө коронавирус жуктурган биринчи учур кечээ, 15-март күнү аныкталган. Ал жарандын уулу менен кызынан да анализ алынып, анын жыйынтыгы аларда оору бар экенин көрсөткөн.

Ооруну жуктурган төртүнчү учур кечээ, 15-март күнү 05:15те Стамбулдан Ташкентке учуп келген жарандан аныкталган.

Пикир

Оставить комментарий