• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Өзбекстанда коронавирус илдетин жуктургандардын саны 3769 адамга жетти

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 03.06.20. /Кабар/. Өзбекстанда COVID-19 коронавирустук инфекциясын жуктургандардын саны 3 миң 769 адамга жетти. Бул тууралуу өлкөнүн Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, жаңы учурлардын жетөө Ташкент облусунан, ал эми экөө Сырдарыя облусунан аныкталган.

Белгилей кетсек, Өзбекстанда карантин 15-июнга чейин узартылган.

Учурда өлкөдө 3 миң 769 адам илдет жуктурса, анын 2 миң 908и айыкты. Ал эми коронавирус жуктурган 15 бейтап каза болду. 810 бейтап ооруканаларда дарыланууда, алардын онунун абалы оор болсо, бирөө өтө оор абалда.

Пикир

Оставить комментарий