• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Өзбекстанда коронавирус менен ооругандардын саны азаюуда

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 03.09.21. /Кабар/. Өзбекстанда үстүбүздөгү жылдын 2-сентябрында COVID-19 коронавирустук инфекциясы 689 адамдан аныкталды. Бул тууралуу Өзбекстандын Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, өлкөдө коронавирустан айыккандардын жалпы саны 150 миң 350 адамга жетти.

Ошондой эле бир суткада коронавирустан 6 адам каза болгон. Жалпысынан өлкө боюнча вирустан 1 миң 99 адам көз жумган.

Пикир

Оставить комментарий