• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Өзбекстанда коронавирус жуккан учурлардын саны 48,7 миң адамдан ашты

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 16.09.20. /Кабар/. Өзбекстанда COVID-19 коронавирустук инфекциясын жуктургандардын саны 48 миң 766 адамга жетти. Бул тууралуу өлкөнүн Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.

Өлкөдө сутка ичинде коронавирусту жуктурган 584 жаңы учур катталды. Ал эми 532 бейтап илдеттен айыгып, ооруканадан чыгарылса, 5 бейтап каза болду.

Өзбекстанда коронавирустан жалпы 45 миң 58 адам айыкты. Ал эми коронавирус жуккан 400 бейтап каза болду. Учурда 3 миң 313 бейтап ооруканаларда дарыланууда.

Пикир

Оставить комментарий