• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Өзбекстанда коронавирус жуккан учурлардын саны 51,7 миң адамдан ашты

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 21.09.20. /Кабар/. Өзбекстанда COVID-19 коронавирустук инфекциясын жуктургандардын саны 51 миң 789 адамга жетти. Бул тууралуу өлкөнүн Саламаттык сактоо министрлиги билдирет.

Өлкөдө сутка ичинде коронавирусту жуктурган 554 жаңы учур катталды. Ал эми 651 бейтап илдеттен айыгып, ооруканадан чыгарылса, 6 бейтап каза болду.

Өзбекстанда 1-октябрдан тартып карантиндик жана санитардык-гигиеналык эрежелерди сактоо менен чек араларда транспорттордун бардык түрүнө киргизилген чектөө алынат.

Өзбекстанда коронавирустан жалпы 47 миң 932 адам айыкты. Ал эми коронавирус жуктурган 433 бейтап каза болду. 3 миң 422 бейтап ооруканаларда дарыланууда. Алардын ичинен 577 адамдын абалы оор болсо, 245инин абалы өтө оор.

Пикир

Оставить комментарий