• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Өзбекстанда коронавирус жуккандардын саны 33,5 миңден ашты

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Ташкент, 14.08.20. /Кабар/. Өзбекстанда 14-август саат 10:00гө карата коронавирус жуккандардын саны 33 миң 561 адамды түздү, - деп билдирет ӨРнын Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы.

Акыркы суткада өлкө боюнча 683 адамдан COVID-19 илдети табылган, 1 миң 554 бейтап коронавирустан айыкса, жети адам кайтыш болгон.

Өлкөдө 15-августтан тартып карантиндик чектөөлөр жумшара баштайт.

Өзбекстанда жалпысынан 27 миң 213 адамга (81%) коронавирус жуккан, илдеттен 218 адам каза болду. Ал эми 6 миң 130 бейтап дарыланууда. Анын ичинен 1 миң 340 адамдын абалы оор, 400 бейтаптын абалы өтө оор деп бааланууда.

Пикир

Оставить комментарий