• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Өзбекстанда коронавирус жуктурган адамдардын саны 520га жетти

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 08.04.20. /Кабар/. Өзбекстанда коронавирус жуктуруп алган адамдардын саны 520га жетти. Бул тууралуу өлкөнүн Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Мекеменин маалыматына караганда, вируска чалдыккан адамдардын экөө каза болуп, 30у айыкты.

Ал ортодо чет өлкөлөрдө жүргөн 23 өзбекстандыктын коронавирус жуктуруп алганы аныкталганы белгилүү болду. АКШда 10, Пакистанда беш, Казакстанда эки, ошондой эле Австрия, Армения, Бириккен Араб Эмираттары, Түштүк Корея, Россия жана Тайланд өлкөлөрүндө бирден өзбек жараны вирус жуктуруп алган.

Буга чейин Нью-Йоркто коронавирустан Өзбекстандын үч жараны каза болгону кабарланган.

Пикир

Оставить комментарий