• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Өзбекстанда коронавирус жуктурган сегизинчи жаран каза болду

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 24.04.20. /Кабар/. Өзбекстанда коронавирус жуктурган аял каза болгонун өлкөнүн Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.

Ангрен шаарында өнөкөт оору менен жапа чегип келген жаран 19-апрелде ооруканага өтө оор абалда жеткирилген. Ага облустук жугуштуу ооруканада жасалма дем алдыруучу аппарат туташтырышкан. Экспресс-анализдердин жыйынтыгында бейтапта илдет бар экендиги аныкталган.

Дарыгерлердин аракетине карабай вируска чалдыккан жаран каза болгон. Анын өлүмүнө бир катар оорулар себепкер болгон.

Өзбекстанда COVID-19 вирусун 1778 адам жуктурган. Илдеттен 598 жаран айыкса, каза болгондордун саны 8 адамды түзөт.

Пикир

Оставить комментарий