• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Өзбекстанда коронавирус жуктургандардын саны 1 миң 924 адамга жетти

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 28.04.20. /Кабар/. Өзбекстанда 28-апрель саат 10.00гө карата коронавирус жуктургандардын саны 1 миң 924 адамды түздү. Бул тууралуу өлкөнүн Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы кабарлайт.

Сутка ичинде коронавирус жуктуруп алган жаңы 37 учур катталды. Ал эми илдеттен айыгып, реабилитацияга 103 бейтап жиберилди.

Белгилей кетсек, Өзбекстанда карантин 10-майга чейин узартылган.

Өлкө боюнча коронавирустан толук 892 адам айыкса, вирус жуктуруп алган 8 адам көз жумган.

Пикир

Оставить комментарий