• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Өзбекстанда коронавирус жуктургандардын саны 1 миңден ашты

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 14.04.20. /Кабар/. Өзбекстанда 14-апрель саат 10:00гө карата коронавирус жуктургандардын саны 1 миң 54тү түздү. Бул тууралуу өлкөнүн Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы кабарлайт.

Сутка ичинде өлкөдө коронавирус жуктурган дээрик 150 жаңы учур катталды.

13-апрелде 19 адам оорудан айыгып, реабилитацияга жиберилди.

Бугүнкү күнгө карата Өзбекстанда коронавирустан толук айыгып чыккандардын саны 85ти түзөт. Ал эми вирусту жуктуруп алган 4 адам көз жумган. Өлкөдө алгачкы жолу коронавирус жуктурган учур 15-мартта катталган.

Пикир

Оставить комментарий