• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Өзбекстанда коронавирус жуктургандардын саны 104 кишиге жетти

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 28.03.20. /Кабар/. Өзбекстанда коронавирус жуктургандардын саны 104 кишиге жетти. Бул тууралуу Өзбекстандын Саламаттык сактоо министрлиги билдирет.

Министрликтин билдиргени боюнча, коронавирус дагы 16 адамда аныкталган.

"Алардын ичинен 6 адам "Москва-Ташкент" чартердик каттамы менен 26-мартта учуп келген, дагы 7 киши ошол эле күнү "Стамбул-Ташкент" каттамы менен келген. Ал эми калган үчөө алар менен аралашып жүргөн адамдар", - деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, Өзбекстанда коронавирус жуктурган алгачкы учур 15-мартта катталган.

Пикир

Оставить комментарий