• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Өзбекстанда коронавирус жуктургандардын саны 12,2 миңден ашты

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 11.07.20. /Кабар/. Өзбекстанда COVID-19 коронавирустук инфекциясын жуктургандардын саны 12 миң 206 адамга жетти. Бул тууралуу өлкөнүн Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, өлкөдө сутка ичинде коронавирусту жуктурган 483 учур катталган. Ал эми 243 бейтап илдеттен айыгып, ооруканадан чыгарылса, 3 бейтап каза болду.

Өзбекстанда 10-июлдан 1-августка чейин карантиндик чектөөлөр катаалдады.

Учурда өлкөдө 12 миң 206 адам илдет жуктурса, анын 7 миң 530у айыкты. Ал эми коронавирус жуктурган 55 бейтап каза болду. 4 миң 621 бейтап ооруканаларда дарыланууда. Алардын 43үнүн абалы оор болсо, онунун абалы өтө оор.

Пикир

Оставить комментарий