• 89.01
  • 94.71
  • 0.94

Өзбекстанда коронавирус жуктургандардын саны 17 миңге жакындады

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 20.07.20. /Кабар/. Өзбекстанда COVID-19 коронавирустук инфекциясын жуктургандардын саны 16 миң 996 адамга жетти. Бул тууралуу өлкөнүн Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, өлкөдө сутка ичинде коронавирусту жуктурган 587 учур катталган. Ал эми 152 бейтап илдеттен айыгып, ооруканадан чыгарылса, 5 бейтап каза болду.

Өзбекстанда 10-июлдан 1-августка чейин карантиндик чектөөлөр катаалдады.

Өлкөдө коронавирустан 9 миң 279 адам айыкты. Ал эми коронавирус жуктурган 88 бейтап каза болду. 7 миң 599 бейтап ооруканаларда дарыланууда. Алардын 81инин абалы оор болсо, 23үнүн абалы өтө оор.

Пикир

Оставить комментарий