• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Өзбекстанда коронавирус жуктургандардын саны 19 миң адамдан ашты

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 24.07.20. /Кабар/. Өзбекстанда COVID-19 коронавирустук инфекциясын жуктургандардын саны 19 миң 653 адамга жетти. Бул тууралуу өлкөнүн Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.

Өлкөдө сутка ичинде коронавирусту жуктурган 667 жаңы учур катталган. Ал эми 600 бейтап илдеттен айыгып, ооруканадан чыгарылса, 3 бейтап каза болду.

Өзбекстанда 13-июлдан 1-августка чейин карантиндик чектөөлөр катаалдады. Медициналык мекемелер 18-июлдан тарта бейтаптарды коронавирусту аныктоочу тест жүргүзбөстөн кабыл ала баштаган.

Өлкөдө коронавирустан 10 миң 472 адам айыкты. Ал эми коронавирус жуктурган 106 бейтап каза болду. 9 миң 74 бейтап ооруканаларда дарыланууда. Алардын ичинен 138 адамдын абалы оор болсо, 40ынын абалы өтө оор.

Пикир

Оставить комментарий