• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Өзбекстанда коронавирус жуктургандардын саны 19 миң адамга жакындады

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 24.07.20. /Кабар/. Өзбекстанда COVID-19 коронавирустук инфекциясын жуктургандардын саны 18 миң 986 адамга жетти. Бул тууралуу өлкөнүн Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.

Өлкөдө сутка ичинде коронавирусту жуктурган 455 жаңы учур катталган. Ал эми 277 бейтап илдеттен айыгып, ооруканадан чыгарылса, 7 бейтап каза болду.

Өзбекстанда 13-июлдан 1-августка чейин карантиндик чектөөлөр катаалдады. Медициналык мекемелер 18-июлдан тарта бейтаптарды коронавирусту аныктоочу тест жүргүзбөстөн кабыл ала баштаган. Өлкөдө коронавирустан 9 миң 872 адам айыкты. Ал эми коронавирус жуктурган 103 бейтап каза болду. 8 миң 734 бейтап ооруканаларда дарыланууда. Алардын ичинен 118 адамдын абалы оор болсо, 30унун абалы өтө оор.

Пикир

Оставить комментарий