• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Өзбекстанда коронавирус жуктургандардын саны 2,5 миңден ашты

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 12.05.20. /Кабар/. Өзбекстанда коронавирус жуктургандардын саны 2 миң 509 адамга жетти. Бул тууралуу өлкөнүн Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, өлкөдө сутка ичинде коронавирусту жуктурган 56 учур катталган. Ал эми 100 жаран илдеттен айыгып, реабилитациялык борборго которулган.

Эскерте кетсек, Өзбекстанда карантин режими 10-майга чейин узартылган. Бирок айрым чектөөлөр алынган.

"8-майдан баштап аймактардагы эпидемиологиялык абалга жараша "кызыл", "сары" жана "жашыл" сыяктуу карантиндик чектөөлөр коюлган. Ал эми 11-майдан тарта чектөөлөр район жана шаарлардын деңгээлинде иштей баштады", - деп айтылат маалыматта.

Бүгүнкү күндө Өзбекстанда 2 миң 509 адам илдет жуктурса, 1 миң 988 жаран айыккан. Ал эми коронавирус жуктурган 10 бейтап каза болгон.

Пикир

Оставить комментарий