• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Өзбекстанда коронавирус жуктургандардын саны 2 миң 336га жетти

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 09.05.20. /Кабар/. Өзбекстанда коронавирус жуктургандардын саны 2 миң 336га жеткенин өлкөнүн Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.

Өлкөдө сутка ичинде коронавирусту жуктурган 22 учур катталган. Ал эми 119 жаран илдеттен айыгып, реабилитациялык борборго которулган.

Эскерте кетсек, Өзбекстанда карантин режими 10-майга чейин узартылган. Бирок айрым чектөөлөр алынган.

"8-майдан баштап ар бир район жана шаарга эпидемиологиялык абалга жараша "кызыл", "сары" жана "жашыл" сыяктуу карантиндик чектөөлөр коюлган", - деп айтылат маалыматта.

Бүгүнкү күндө Өзбекстанда 2 миң 336 адам илдет жуктурса, 1 миң 775 жаран айыккан.

Пикир

Оставить комментарий