• 89.01
  • 94.71
  • 0.94

Өзбекстанда коронавирус жуктургандардын саны 2 миң 387 адамга жетти

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 10.05.20. /Кабар/. Өзбекстанда коронавирус жуктургандардын саны 2 миң 387 адамга жетти. Бул тууралуу өлкөнүн Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, өлкөдө сутка ичинде коронавирусту жуктурган 51 учур катталган. Ал эми 71 жаран илдеттен айыгып, реабилитациялык борборго которулган.

Эскерте кетсек, Өзбекстанда карантин режими 10-майга чейин узартылган. Бирок айрым чектөөлөр алынган.

"8-майдан баштап ар бир район жана шаарга эпидемиологиялык абалга жараша "кызыл", "сары" жана "жашыл" сыяктуу карантиндик чектөөлөр коюлган", - деп айтылат маалыматта.

Бүгүнкү күндө Өзбекстанда 2 миң 387 адам илдет жуктурса, 1 миң 846 жаран айыккан. Ал эми коронавирус жуктурган 10 бейтап каза болгон.

Пикир

Оставить комментарий