• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Өзбекстанда коронавирус жуктургандардын саны 2 миң 46га жетти

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 01.05.20. /Кабар/. Өзбекстанда коронавирус жуктургандардын саны 2 миң 46га жетти. Бул тууралуу өлкөнүн Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.

Өлкөдө сутка ичинде 26 жаран илдетке кабылган. Ал эми 37 жаран ооруканадан чыгарылып, реабилитациялык борборго которулду. Айыккандардын арасында 84 жаштагы кемпир жана 1 жашка чыга элек ымыркай бар.

Эскерте кетсек, Өзбекстанда карантин режими 10-майга чейин узартылган. Бирок айрым чектөөлөр алына баштаган.

Бүгүнкү күндө Өзбекстанда илдеттен толук 1 миң 113 жаран айыккан. Коронавирус жуктурган 9 адам каза болгон.

Пикир

Оставить комментарий