• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Өзбекстанда коронавирус жуктургандардын саны 2 миң кишиден ашты

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 30.04.20. /Кабар/. Өзбекстанда коронавирус жуктургандардын саны 2 миң 17 адамга жетти. Бул тууралуу Өзбекстандын Саламаттык сактоо министрлиги билдирет.

Бир күн ичинде Өзбекстанда коронавирус жуктурган 62 жаңы учур катталган, 100 адам айыгып, реабилитациялык борборго которулган. 61 жаштагы бир бейтап каза болгон.

Эскерте кетсек, Өзбекстанда карантиндик режим 10-майга чейин узартылган. Бирок 30-апрелден тарта айрым чектөөлөр акырындан алына баштады.

Бүгүнкү күндө Өзбекстанда илдеттен жалпы 1 миң 96 адам айыккан. Каза болгондордун саны 9 адамды түзөт.

Пикир

Оставить комментарий