• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Өзбекстанда коронавирус жуктургандардын саны 21,5 миң адамдан ашты

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 28.07.20. /Кабар/. Өзбекстанда COVID-19 коронавирустук инфекциясын жуктургандардын саны 21 миң 506 адамга жетти. Бул тууралуу өлкөнүн Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.

Өлкөдө сутка ичинде коронавирусту жуктурган 975 жаңы учур катталды. Ал эми 579 бейтап илдеттен айыгып, ооруканадан чыгарылса, 8 адам каза болду.

Өзбекстанда карантин режими 15-августка чейин узартылган.

Өлкөдө коронавирустан 11 миң 674 адам айыкты. Ал эми коронавирус жуктурган 122 бейтап каза болду. 9 миң 310 бейтап ооруканаларда дарыланууда. Алардын ичинен 152 адамдын абалы оор болсо, 66сынын абалы өтө оор.

Пикир

Оставить комментарий