• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Өзбекстанда коронавирус жуктургандардын саны 22 миң адамдан ашты

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 29.07.20. /Кабар/. Өзбекстанда COVID-19 коронавирустук инфекциясын жуктургандардын саны 22 миң 169 адамга жетти. Бул тууралуу өлкөнүн Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.

Өлкөдө сутка ичинде коронавирусту жуктурган 663 жаңы учур катталды. Ал эми 591 бейтап илдеттен айыгып, ооруканадан чыгарылса, 5 бейтап каза болду.

Өзбекстанда карантин режими 15-августка чейин узартылган.

Өлкөдө коронавирустан 12 миң 265 адам айыкты. Ал эми коронавирус жуктурган 127 бейтап каза болду. 9 миң 777 бейтап ооруканаларда дарыланууда. Алардын ичинен 209 адамдын абалы оор болсо, 88инин абалы өтө оор.

Пикир

Оставить комментарий