• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Өзбекстанда коронавирус жуктургандардын саны 2217ге жетти

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 06.05.20. /Кабар/. Өзбекстанда коронавирус жуктургандардын саны 2217ге жетти. Бул тууралуу өлкөнүн Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.

Өлкөдө сутка ичинде коронавирус жуктурган 28 учур катталды. Ал эми 92 жаран айыгып, реаблитациялык борборго которулду.

Эскерте кетсек, Өзбекстанда карантин режими 10-майга чейин узартылган. Бирок айрым чектөөлөр алынган.

"Ар бир район жана шаарга эпидемиологиялык абалга жараша "кызыл", "сары" жана "жашыл" сыяктуу карантиндик чектөөлөр коюлат", - деп айтылат маалыматта.

Бүгүнкү күндө Өзбекстанда 2 миң 217 адам илдет жуктурса, 1 миң 501 жаран айыккан.

Пикир

Оставить комментарий