• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Өзбекстанда коронавирус жуктургандардын саны 26,5 миң адамдан ашты

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 04.08.20. /Кабар/. Өзбекстанда COVID-19 коронавирустук инфекциясын жуктургандардын саны 26 миң 550 адамга жетти. Бул тууралуу өлкөнүн Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.

Өлкөдө сутка ичинде коронавирусту жуктурган 722 жаңы учур катталды. Ал эми 758 бейтап илдеттен айыгып, ооруканадан чыгарылса, 4 бейтап каза болду.

Өзбекстанда карантин режими 15-августка чейин узартылган.

Өлкөдө коронавирустан 16 миң 507 адам айыкты. Ал эми коронавирус жуктурган 159 бейтап каза болду. 9 миң 127 бейтап ооруканаларда дарыланууда. Алардын ичинен 927 адамдын абалы оор болсо, 224үнүн абалы өтө оор.

Пикир

Оставить комментарий