• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Өзбекстанда коронавирус жуктургандардын саны 298 адамга жетти

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 05.04.20. /Кабар/. Бүгүнкү күнгө карата Өзбекстанда COVID-19 коронавирустук инфекциясын жуктуруп алгандардын саны 298 адамга жетти. Бул тууралуу Өзбекстандын Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, акыркы жаңы катталган учурлар стационарда карантинде жаткан жарандардын ичинен аныкталган.

Өлкө боюнча коронавирустан 25 адам толугу менен айыкты, ал эми илдеттен эки адам көз жумду.

6-апрелден тарта Ташкентте, Нукуста жана облустук борборлордо милдеттүү түрдө обочолонуу режими киргизилүүдө.

Белгилей кетсек, Өзбекстанда коронавирусту жуктурган биринчи учур 15-мартта катталган.

Пикир

Оставить комментарий