• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Өзбекстанда коронавирус жуктургандардын саны 3,6 миңден ашты

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 01.06.20. /Кабар/. Өзбекстанда коронавирус жуктургандардын саны 3 миң 662 адамга жетти. Бул тууралуу өлкөнүн Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, өлкөдө сутка ичинде коронавирусту жуктурган 108 учур катталган. Ал эми 54 бейтап илдеттен айыгып, реабилитациялык борборго жөнөтүлгөн. Бир бейтап көз жумду.

Белгилей кетсек, Өзбекстанда карантин 15-июнга чейин узартылган.

Учурда өлкөдө 3 миң 662 адам илдет жуктурса, анын 2 миң 837си айыкты. Ал эми коронавирус жуктурган 15 бейтап каза болду.

Пикир

Оставить комментарий