• 89.01
  • 94.71
  • 0.94

Өзбекстанда коронавирус жуктургандардын саны 3 миң 132ге жетти

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 24.05.20. /Кабар/. Өзбекстанда коронавирус жуктургандардын саны 3 миң 132ге жетти. Бул тууралуу өлкөнүн Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.

Билдирүүдө айтылгандай, сутка ичинде 54 жаңы учур катталган. Ал эми 40 адам айыгып, реаблитациялык борборго которулган.

"Өзбекстанда карантин 1-июнга чейин узартылган. Аймактардагы эпидемиологиялык абалга жараша "кызыл", "сары" жана "жашыл" сыяктуу карантиндик чектөөлөр коюлган. 22-майдан тарта “сары” жана “жашыл” аймактарда карантиндик коопсуздук чараларын сактоо талаптары менен парк, музейлер жана көркөм галереялар иштеп баштады", - деп айтылат маалыматта.

Учурда Өзбекстанда 3 миң 132 адам илдет жуктурса, анын 2 миң 532си айыккан. Ал эми коронавирус жуктурган 13 бейтап каза болду.

Пикир

Оставить комментарий